Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады
RU

Садыр Жапаров дүйнө лидерлерине кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлерин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды.

Шайлоо 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарында өтөт. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер болууда.

Мамлекет башчы Кыргызстан Коопсуздук Кеңешке мүчө болууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Кыргызстан Коопсуздук Кеңешине мүчө болууга өзгөчө маани берет жана муну жергебиздеги элдердин тагдыры үчүн жогорулаган жоопкерчилик катары карайт. Кеп эл аралык системанын башкарылуусу Коопсуздук Кеңештин натыйжалуулугунан түздөн-түз көз каранды болгон мезгилдеги конкреттүү иш-аракеттер жөнүндө болуп жатат", - деп айтат өз кайрылуусунда.

Садыр Жапаров Кыргызстан буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болбогонун белгилейт. Мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон дагы 60тай мамлекет бар. Ал эми Кыргызстандын атаандашы - Филиппиндер - буга чейин төрт жолу кеңештин курамына кирген.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын шайланышы тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, чакан, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердин глобалдык коопсуздук маселелериндеги үнүн күчөтмөк.

"БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланып өтүп калсак Кыргыз Республикасы Коопсуздук Кеңеште прагматикалык, саясатташтырылбаган жана туруктуу чечимдердин жактоочусу катары иш алып барат.

Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз төмөнкүлөрдү камтыйт: алдын алуучу дипломатиянын ролун күчөтүү; ортомчулук механизмдерин өнүктүрүү; куралдарды жайылтпоону жана өзөктүк куралсызданууну илгерилетүү; климат менен коопсуздуктун ортосундагы өз ара байланышты институтуциялаштыруу", - дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://app.kaktus.media/17836