Кыргызстанда эт, картошка, пияздын баасы жогорулады
RU

Кыргызстанда эт, картошка, пияздын баасы жогорулады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө негизги делген айрым азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаганы байкалды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, картошка, пияз, эт, кумшекер жана сүт азыктарынын баасы кымбаттаган.

Министрлик өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү азык-түлүк продукттарына салыштырма мониторинг жүргүзгөн. Анда баалар төмөнкүдөй өзгөргөн:

  • пияз 7%
  • картошка 6,5%
  • кой эти 3,3%
  • уй эти 2,4%
  • кумшекер 1,1%
  • жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу буудай уну - 0,9%
  • майлуулугу 2,5–3,2% болгон пастерленген сүт - 0,5%
  • спагетти - 0,4%
  • биринчи сорттогу буудай унунан жасалган нан - 0,3%
  • тандыр наны - 0,1%га жогорулаган

Ал эми жумуртка 2,5%, импорттолгон биринчи сорттогу буудай уну 0,1%га арзандаган.

Салыштырып караганда, коңшу Казакстанда макарон азыктары 25,5%, сабиз 12%, күрүч 7,9%, уй эти 1,7% кымбаттаганы байкалган.

Ал эми Россияда баалардын өсүшү орточо болгон. Сабиз жана картошка 1,4%, кумшекер 1% өскөн. Эттин, ундун, өсүмдүк майынын, күрүчтүн жана жумуртканын баалары да жогорулаган. Пастерленген сүттүн баасы гана 0,4% төмөндөгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://app.kaktus.media/17826